Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясынын 

27.01.2024 № 36/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1213,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1213,0 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-86,5миң сом) калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2.Айылдык Кеңештин сессиясында талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1213,0 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-86,5миң сом) акча каражаты 2024-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.

 

 

Төрага :

 М. Макенов