Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясынын 

20.03.2024 № 37/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылындагы 4 км болгон темир бетон ( латковый канал )каналы Ош башкы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын дыйкандардын 2024-жылдын 16-мартындагы чогулушунун чечими аткарууга алынсын.

 

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылындагы 4 км болгон темир бетон ( латковый канал )каналын мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

 

3.Токтом айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага :

 М. Макенов