Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 80
Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары Б.Юсуповдун Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндөгү Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы XIII сессиясынын №80 токтомунун тиркемеси |
Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер тилкеде жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине кенемте берүү тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
2. Кенемте берүүнүн негиздери
3. Кенемтенин формалары жана өлчөмү
4. Кенемте берүү боюнча комиссия
5. Жер тилкелерин алып коюу менен байланыштуу бузууга жаткан турак жайлардын менчик ээлерине кенемте төлөө тартиби
6. Көзөмөл жана жоопкерчилик
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
1.2. Жобо Ош шаарынын аймагында автоунаа жолдорун кеңейтүү, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорду куруу, суу корук зоналарын бошотуу же башка коомдук маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерди жана курулуштарды коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алуу учурунда алардын ээлерине кенемте төлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.3. Жобонун максаты - жеке жана юридикалык жактардын менчигиндеги же пайдалануусундагы жер тилкелери жана курулуштары коомдук муктаждык үчүн алуу алкагында, алардын укуктарын коргоо жана адилеттүү кенемте менен камсыз кылуу.
1.4. Жер тилкесин коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуу, бирдей маанидеги (бирдей баадагы) жер тилкесине болгон же муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнө, муниципалдык менчиктеги коммерциялык аянтка болгон жеке менчик укуктарды берүү ыйгарым укуктуу орган менен жер тилкенин жана кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
1.5. Кенемте - бул укук ээсине бирдей маанидеги (тең баалуу) жер тилкесине, муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнө, муниципалдык менчиктеги коммерциялык аянтка болгон укук турүндө же акчалай түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө, ошондой эле салык салууга тийиш эмес болгон коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин ээсинин макулдугу менен алып коюу менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруп берүү.
2.1. Кенемте төмөнкү учурларда менчик ээсине төлөнөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бардык коомдук муктаждыктар үчүн жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрүн алып коюуда;
- Автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорду кеңейтүү учурларында;
- Кооптуу аймактардан жарандарды көчүрүү учурунда;
-Шаардын аймагында коомдук маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу учурунда.
3. Кенемтенин формалары жана өлчөмү
3.1. Кенемте төмөнкү формада берилет:
- Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюлган жер тилкеси жана кыймылсыз мүлкү үчүн кенемте укук ээсинин макулдугу боюнча жер тилкесине, муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнө, муниципалдык баланста турган кыймылсыз мүлктөрүнө (коммерциялык аянттарга) кенемте түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө берилиши мүмкүн.
3.2. Кенемте өлчөмү Министрлер Кабинетинин алдындагы жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан, ошондой эле көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталат. Баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3.3. Кенемтенин өлчөмүн аныктоо төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- Ээсинин макулдугу менен алып коюуга жаткан жер тилкеге карата жеке жана юридикалык жактын жеке менчик укугун аныктоочу жана тастыктоочу документтери бар бөлүгүн баалоо (көз карандысыз баалоочу тарабынан);
- Ээсинин макулдугу менен алып коюуга жаткан жер тилкенин үстүндөгү курулушту (турак-үй, коммерциялык курулуш ж.б.) курулушка архитектуралык уруксат иш кагаздары жана курулушту ишке киргизүү актысы болгон учурда баалоо (көз карандысыз баалоочу тарабынан).
4. Кенемте берүү боюнча комиссия