Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №6-1
Кулуштан айылындагы “Нур-Белек” МЧББМне кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кулуштан айылындагы “Нур-Белек” МЧББМне кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунтунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кулуштан айылындагы “Нур-Белек” МЧББМне кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |