Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №6-3
Т.Кулатов айыл аймагынын Кожо-Арык айылындагы №3396 чөйрө сызыгындагы (таза жайыт) эсебиндеги 0,50 га жер аянтына (тоок ферма) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Кожо-Арык айылындагы №3396 чөйрө сызыгындагы (таза жайыт) эсебиндеги 0,50 га жер аянтына (тоок ферма) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагын Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А.Эшимбаев |