Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №6-4
Кош-Дөбө айылындагы “Тилекмат Ата” атындагы курулуучу балдар бакчасына бөлүнгөн 0,59 га жер тилкесине балдар ойноочу спорт зал курууга макулдук берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылындагы “Тилекмат Ата” атындагы курулуучу балдар бакчасына бөлүнгөн 0,59 га жер тилкесине балдар ойноочу спорт зал курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунтунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кош-Дөбө айылындагы “Тилекмат Ата” атындагы курулуучу балдар бакчасына бөлүнгөн 0,59 га жер тилкесине балдар ойноочу спорт зал курууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |