Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №6-6
Абшыр-Ата эс алуу жайына АРИС долбоорунун программасынын негизинде каржыланып жаткан жаңыдан курулуучу конок үйлөрүн, жолдорун жарыктандырууга, унаа токтоочу жайларын курууга жана өткөрмө пунктун жаңыдан заманбап типте курууга макулдук берүү жөнүндө
Абшыр-Ата эс алуу жайына АРИС долбоорунун программасынын негизинде каржыланып жаткан жаңыдан курулуучу конок үйлөрүн, жолдорун жарыктандырууга, унаа токтоочу жайларын курууга жана өткөрмө пунктун жаңыдан заманбап типте курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренсинин 1-10-пунктарына ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Абшыр-Ата эс алуу жайына АРИС долбоорунун программасынын негизинде каржыланып жаткан жаңыдан курулуучу конок үйлөрүн, жолдорун жарыктандырууга, унаа токтоочу жайларын курууга жана өткөрмө пунктун жаңыдан заманбап типте курууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл башчысына милдеттендирилсин.
3.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |