Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясынын 

18.04.2024 № 38/1

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2. Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасына жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага :

 М. Макенов