Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №6-7
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарган иштеринин маалыматы жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кааровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарган иштери жакшы деп белгиленсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |