Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №6-8
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Акшар айылындагы эски скважинага жер ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Акшар айылындагы эски скважинага жер ажыратууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Акшар айылындагы эски скважинага жер ажыратууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |