Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы №7-1
Т.Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылындагы Осмонова Карамат атындагы “Арык-Тейит Нуру” МЧББМне тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылындагы Осмонова Карамат атындагы “Арык-Тейит Нуру” МЧББМне тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунтунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылындагы Осмонова Карамат атындагы “Арык-Тейит Нуру” МЧББМне кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |