Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы №7-2
Баглан айылына логистикалык кампа курууга жана “Баглан багбанчылык коммерциялык” кооперативине берилген 1,20 га жер аянты менен шире чыгаруучу цехтин жабдыктарын күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Баглан айылындагы “Баглан багбанчылык коммерциялык” кооперативинин жетекчиси Жаанбаев Уландын арызынын негизинде айылдык кеңештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы отурумунунун протоколун угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Баглан айылына логистикалык кампа курууга макулдук берилсин.
2.“Баглан багбанчылык коммерциялык” кооперативине 49 жылга ижарага берилген 1,20 жер аянтын жана шире чыгаруучу цехтин жабдыктарын күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |