Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы №7-5
Т.Кулатов айыл аймагынын Сары Таала бөлүмүнөн 28,05 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Сары Таала бөлүмүнөн АЧЖМФ жер аянтынан №1115 (таштуу айдоо) контурунан 1,97 га, №1059 контурунан (сугат айдоо) контурунан 1,13 га, №1489 (таштуу айдоо) контурунан 0,26 га, №1165 (таштуу айдоо) контурунан 24,69 га, (№1165 (таштуу айдоо) контурунан 8,14 га жарандардын кайрак үлүш жери) жалпысы болуп 28,05 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин чек ара кызматынын атайын аскердик базасын куруу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Т.Кулатов айыл аймагынын Сары Таала участкасындагы 28,05 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуу үчүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Тотктомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |