Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы №7-6
“Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын балансында турган ички сугат каналдарын Ноокат райондук суу чарба башкармасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын балансында турган 15,3 км ички сугат каналдарын Ноокат райондук суу чарба башкармасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын балансында турган 15,3 км ички сугат каналдарын Ноокат райондук суу чарба башкармасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана муниципалдык ишкананын жетекчисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |