Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы №7-7
Т.Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылынын жайыт жериндеги 2,0 га жер аянтын багытын бак тигүү үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылынын жайыт жериндеги 2,0 га жер аянтын багытын бак тигүү үчүн которууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |