Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 2- сессиясынын 

29.11.2024 № 2/3

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламентинин негизинде даярдалган Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2-сессиясында талкуулап токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламентинин негизинде даярдалган Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.

 

2.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Зарипбек уулу Бекзатка жүктөлсүн.

 

 

Төрага :

Т.Ч.Таалайбеков