Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-июну №8-1
Айыл аймагындагы өндүрүштүк ишканаларга келишимдин негизинде берилген жер аянттарынын ижара акыларынын бааларын жогорулатуу жөнүндө
Айыл аймагындагы өндүрүштүк ишканаларга келишимдин негизинде берилген жер аянттарынын ижара акыларынын бааларын жогорулатуу жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктчасына таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл аймагындагы өндүрүштүк ишканаларга келишимдин негизинде берилген жер аянттарынын ижара акыларынын баалары төмөнкүдөй таризде жогорулатууга макулдук берилсин.
1)кичи өндүрүш ишканаларга 1,0 га жер аянтынын ижара акысы айына - 40 000 сом.
Жыл ичинде белгилүү мезгилде иштеген кичи ишканалар иштеген мезгилине жараша ижара акы төлөнөт.
2)чоң өндүрүш ишканалар 1,0 га жер аянтынын ижара акысы айына - 50 000 сом.
2.Ижара акыдан түшкөн акча каражаты айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнө жумшалсын.
3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |