Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-июну №8-2
Кош-Дөбө айылына жаңыдан курулуп жаткан ФАПты муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кош-Дөбө айылына жаңыдан курулуп жаткан ФАПты муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесинин 6/4-пунктуна таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кош-Дөбө айылына жаңыдан курулуп жаткан ФАПты муниципалдык менчикке алынсын.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |