Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясынын 

13.01.2025 № 3/8

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь “125 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүүнү карап, талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши   токтом кылат :   

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024 - жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага :

Т.Ч.Таалайбеков