Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-июну №8-4
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдардын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолун жактыруу жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдардын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолун жактыруу жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 3-пунктуна таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2026-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу кирешелери 81480,0 миң сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.2027-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу кирешелери 82878,5 миң сом өлчөмүндө 2-тиркемеге ылайык бекитилсин
3.2028-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу кирешелери 83636,3 миң сом өлчөмүндө 3-тиркемеге ылайык бекитилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |