Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 9- сессиясынын
01.08.2025 № 9/1
Лизинге кызматтык автоунаа алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине жана “Мамлекеттик лизинг копмпаниясы” ААКсынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 катына ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Алай Айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңешов Даанышбек Ажимуратович Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен кызматтык автоунаа алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2.Лизинге алынуучу автотранспорт үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Жаңы - Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардагы жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3.Жаңы - Алай айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |