Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6- сессиясынын
17.04.2025 № 6/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги Жаңы-Алай айылындагы 5-01-11-1001-0968-идентификациялык коду менен жайгашкан аянты 2000,00 чарчы метр болгон жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене 1,2-бөлүгүнө жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги Жаңы-Алай айылындагы 5-01-11-1001-0968-идентификациялык коду менен жайгашкан аянты 2000,00 чарчы метр болгон турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багыты, бала бакчага деп өзгөртүлсүн.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Калил кызы Элнуранын наамына даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго, көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |