Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-апрели №1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык, Ачык-Суу айылдарынын ичүүчү таза суусунун тарифин бекитүү жөнүндө
“Кашка-Суу” муниципиалдык ишканасынын башчысы З.Мамазияевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык, Ачык-Суу айылдарында 2023-жылдын 2-октябрындагы болгон элдик жыйындын №18 протоколун жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги №4/5 буйругун эске алуу менен ичүүчү таза суу үчүн төлөмдүн суммасы 1 м3 сууга 61 (алтымыш бир) сом деп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |