Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №1
Жайлоого көчүп кетүү жана көчүп түшүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын айыллдарында өткөн элдик жыйындардын протоколдоруна ылайык Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Элдин малын жайлоого көчүп чыгаруунун акыркы мөөнөтүн 2025-жылдын 25-майы жана жайлоодон көчүп түшүүнүнүн күнүн 2025-жылдын 25-сентябрдан кийинки мөөнөт белгиленсин.
2.Жайлоонун экинчи көчүү мөөнөтү 2025-жылдын 15-июлунан кийинки мөөнөткө коюлсун.
3.Белгиленген мөөнөткө чейин малдар түшсө (25-сентябрь 2025-жыл) камалган малдын өлүмүнө эч ким жооптуу эмес экендиги белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |