Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №2
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык жана Ачык-Суу айылдарына келишим менен айыл башчы алууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл айыл аймагына караштуу Кабык жана Ачык-Суу айылдарына келишим менен айыл башчы алууга макулдук берилсин.
2. Келишим түзүп, эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |