Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу, Кашка-Суу, Ачык-Суу жана Кабык айылдарындагы электр көмөкчү чордондорун Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылынагы жаңы башкы пландагы 30,0 га памирлик-этникалык кыргыздарга тиешелүү 2 (эки) даана көмөкчү чордону, узуну 4500 м СИП электр аба чубалгысы, Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максабек атындагы орто мектебинин 1 (бир) даана көмөкчү чордону, Ачык-Суу айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 1 (бир) даана көмөкчү чордону жана Ачык-Суу айылындагы таза суу түтүгү үчүн курулган 1 (бир) даана көмөкчү чордонун Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |