Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №4
Башка айыл өкмөттөн келип, жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
“Кашка-Суу”муниципиалдык ишканасынын жетекчиси З.Мамазияевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Башка айыл өкмөттөн келип, жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү салыктын көлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
-Чоң бодо малдар үчүн-100 сом;
- Кой-эчки үчүн-20 сом;
- Жылкы-140 сом.
2.Жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү төлөмдү убагында топтоо, төгүү жоопкерчилигин алуу жагын Кашка-Суу муниципиалдык ишканасынын башчысы З.Мамазияевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |