Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ
23.05.2025-жыл. № 28
Сопу-Коргон айылы
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 95 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө.
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 26-мартындагы №01-01/442 сандуу катынын негизинде жазылган Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги №95 сандуу сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан 2024-жылдын 7-августундагы №01-5/1346 сандуу каты аркылуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берген жообунун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу “Ак-Босого” участкасы боюнча берилген координаттарга таянып, 2711,5 га жер аянтына экологиялык коопсуздук боюнча корутунду алгандан кийин алтын кенин издөө үчүн геологиялык изилдөө (1-этабына) иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы тарабынан изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн суралган 2711,5 га жер аянтын көрсөтүлгөн координаттар боюнча чектерин аныктап, тактап берүү жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |