Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-майы № 9/1
Кара-Кулжа РИИБнүн Кара-Кочкор айылындагы милициянын таяныч пункттуна жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдын № 01-34/115 сунушун жана Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы № 37 “ Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 9- беренесине негиз Кара-Кулжа РИИБнүн Кара-Кочкор айылындагы милициянын таяныч пункттуна 0,05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Кара - Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун 23.05.2025-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа РИИБнүн Кара-Кочкор айылындагы милициянын таяныч пункттуна 0,05 га жер аянтын Кара-Кулжа РИИБнүн балансасына өткөрүп берүү менен Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн конторасынын аймагынан бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жана мыйзамдуулугун көзөмөлдөөнү Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |