Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-июну №1
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу № 5168 Кара-Кабак шайлоо участкасынан Бурган-Суу айылыны өзүнчө шайлоо участка кылып бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылында 2025-жылдын 5-июнунда өткөн элдик жыйындын №14-протоколунун негизинде, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылы мурда № 5168 Кара-Кабак шайлоо участкасына кирип келгендиктен учурдагы участкадан Бурган-Суу айылын өзүнчө шайлоо участка кылып түзүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |