Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-майы № 9/3
Тоготой айылындагы баскетбол аянтчасынын чатырын жабуу үчүн, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн, 489 900 ( төрт жүз сексен тогуз мин тогуз жүз) мин сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордон пайдаланышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастуруктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоготой айылындагы баскетбол аянтчасын райондук өнүктүрүү фондунун жардамы менен куруу үчүн, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн, 489 900 ( төрт жүз сексен тогуз мин тогуз жүз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |