Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-июну №3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү сунушту угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздары бүткөрүлүп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |