Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ
27.06.2025-жыл. № 29
Сопу-Коргон айылы
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 6-июнундагы №4767 сандуу катын негиз кылып “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимдин долбоорун угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишими бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |