Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 01-августу № 11/3
Кара-Кочкор “Жайыт жана суугат суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата болжолдуу бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «2025-жылга карата Кара -Кочкор “Жайыт жана суугат суу” муниципалдык ишканасынын болжолдуу бюджеттин бекитүү жөнүндө» Кара-Кочкор “Жайыт жана суугат суу” муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси О.Ажымаматовдун маалыматтын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор “Жайыт жана суугат суу” муниципалдык ишканасынын болжолдуу бюджеттинин 2025-жылга карата кирешелер бөлүгү 2 857 208 сомго жана чыгашалар бөлүгү 2 857 208 сомго долбоору бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор “Жайыт жана суугат суу” муниципалдык ишканасынын жетекчси Т.Кайыпкуловго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |