Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 01-августу № 11/4
“Мамлекеттик лизинг компаниясы “ ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине ылайык Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “ Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо максатында, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине ылайык Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “ Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылдарга акча каражаттары каралсын.
2.“Мамлекеттик лизинг компаниясы “ ачык акционердик коому жөнөткөн келишимге бекитилген талаптарды так аткарууга документтерин даярдоо жана жөнөтүү жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жүктөсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын өзүмдүн кароомо калтырам.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |