Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ
15.07.2025-жыл. № 30
Сопу-Коргон айылы
Таза суу кампасын курууга жана суу түтүктөрү өтүүчү жер аянттарына токой чарбасы менен келишим түзүү жөнүндө.
Гежиге айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында, таза суу кампасын куруу үчүн Гежиге айылы менен Чийлүү участкасы менен кошулган жерден 0,50 га жер аянтын суу кампасын курууга жана айылдын төмөн жагындагы сайга суу тартуучу насос орнотулуучу жерге ошондой эле Көл гежиге участкасынын Ит өтпосүнөн Гежиге айылына чейин суу түтүктөрү тартылуучу жерге Алай токой чарбасы менен түзүлүүчү келишимге макулдук берүү жөнүндө Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-июлундагы №160 сандуу сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын караштуу Гежиге айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында, таза суу кампасын куруу үчүн Гежиге айылы менен Чийлүү участкасы менен кошулган жерден 0,50 га жер аянтын суу кампасын курууга жана айылдын төмөн жагындагы сай боюна суу тартуучу насос орнотулуучу жерди, ошондой эле Көл гежиге участкасынын Ит өтпосүнөн Гежиге айылына чейин суу түтүктөрү тартылуучу жерди калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында пайдалануу үчүн токой чарбасы менен келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2.Жогорудагы көрсөтүлгөн жер тилкелерге жана суу түтүктөрү өтүүчү жерге Алай райондук токой чарбасы менен келишим түзүү үчүн юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |