Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ
25.07.2025-жыл. № 31
Сопу-Коргон айылы
2025-жылдын 6-айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык- экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө.
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык- экономикалык өнүгүү программасынын жүзөгө ашырылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевдин отчеттук билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин жалпы абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата кабыл алынган аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде курулуш иштеринин, долбоорлордун, калкты социалдык жактан коргоо иштеринин жүрүшү жана билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, маданият тармагынын обьектеринин ремонттоо иштеринин жүргүзүлүшү боюнча такай көзөмөлдүккө алып, билдирип туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Ар кварталдын бүтүшү менен салык төлөмдөрү, жерди ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттары, жайыт акылары боюнча пландардын аткарылышы жөнүндө айылдык кеңешке маалымат берилип турулсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |