Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 01-августу № 11/6
Калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коеффициентин (Кз) 1,5 өлчөмүндө бекитүү жөнүндө.
Калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коеффициентин (Кз) 1,5 өлчөмүндө бекитүү жөнүндөгү Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Т.Эрмековдун маалыматтын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик Салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404 - беренелерине ылайык, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коеффициенти (Кз) 1,5 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.
3 .Токтом 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |