Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ
25.07.2025-жыл. № 32
Сопу-Коргон айылы
Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүнүн, клубдардын маданият тармагында жүргүзгөн иштери жөнүндө.
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүнүн, клубдардын маданият тармагында жүргүзгөн иштери боюнча айылдык кеңештин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүнүн, клубдардын маданият тармагында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасында даталуу күн деп белгиленген күндөрү кыргыз маданиятын жаш муундарга жеткирүү максатында, байыртадан келе жаткан кыргыз маданиятынын адеп ахлагы, чыгармачылык маданияты тууралуу иш чараларды уюштуруу жана дубал гезиттерге чыгарууну колго алуу жагы маданият кызматкерлерине, жакындан көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |