Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-августу № 12/1
Кара-Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылындагы “Беки Ата таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджеттин бекитүү жөнүндө.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «2025-жылга карата Кара -Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылындагы “Беки Ата таза суу” муниципалдык ишканасынын бюджеттин бекитүү жөнүндө» Кара-Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылындагы “Беки Ата таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Бекиевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын Тоготой айылындагы “Беки Ата таза суу” муниципалдык ишканасынын бюджеттинин 2025-жылга карата кирешелер бөлүгү 1 430 000 сомго жана чыгашалар бөлүгү 1 430 000 сомго долбоору бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылындагы муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Бекиевге жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |