Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ
25.07.2025-жыл. № 33
Сопу-Коргон айылы
Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу жөнүндө.
Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча айыл өкмөтүнүн жаштар уюмунун төрагасы Искендер уулу Толкунбектин маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жаштар уюмунун балдар жана жаштар менен иш алып баруусу боюнча жаштар уюмунун төрагасы Искендер уулу Толкунбектин маалыматы эске алынсын, жактырылсын.
2.Айыл аймагындагы өспүрүмдөрдүн жана жаштардын коомго пайда алып келүү, спортко үндөө, ыймандуулукка тарбиялоо боюнча иш чараларды такай уюштуруп туруу жагы жаштар уюмунун төрагасы Искендер уулу Толкунбекке жана жакындан финансылык колдоо көргөзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Абжапар уулу Мирланга тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |