Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-августу № 12/2
Кара-Кочкор айыл аймагындагы жол бойлоруна коюулуучу жол белгилерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Кара-Кулжа РИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн 16.05.2025-жылдагы № 3/5-252 санду көрсөтмөсүнө негиз Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук , коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Жумабаевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагындагы жол бойлоруна коюулуучу жол белгилерине акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук , коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Жумабаевке жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |