Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-августу № 12/3
Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы К.Жантөшев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын ондоо үчүн, Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 50 000 (элүү ) мин сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Респбуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордон пайдаланышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастуруктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчилике алып Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы К.Жантөшев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын ондоо үчүн, Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 50 000 (элүү ) мин сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |