Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ
25.07.2025-жыл. № 35
Сопу-Коргон айылы
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалары боюнча 2026-жылга долбоору жана 2027-2028-жылдарга божомолу жөнүндө.
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалары боюнча 2026-жылга долбоору жана 2027-2028-жылдарга божомолун бекитүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча 2026-жылга долбоору 57833,4 миң сомго , анын ичинентендөөчү грант 32405,5 миң сом өздүк киреше 25427,9 миң сом, жана өздүк кирешенин ичинен атайын каражаттар 2800,0 миң сомго бекитилсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2027-жылга божомолу 61920,3 миң сомго, анын ичинентендөөчү грант 32992,4 миң сом, өздүк киреше 28927,9 миң сом, жана өздүк кирешенин ичинен атайын каражаттар 2800,0 миң сомго белгиленип жактырылсын.
3. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2028-жылга божомолу 66015,8 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант 32587,9 миң сом, өздүк киреше 33427,9 миң сом, жана өздүк кирешенин ичинен атайын каражаттар 2800,0 миң сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Жогорудагы болжолдуу бюджеттин аткарылышы боюнча тармактардын өнөр-жай, курулуш транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктап, токтомдуу көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана СЭӨБнүн башчысы С.Ы.Карыбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |