Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ
08.10.2025-жыл. № 46
Сопу-Коргон айылы
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылына волейбол аянтын куруу боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө.
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылына волейбол аянтын куруу боюнча үчүн сунуш кылынган долбоорду айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүнүн негизинде карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылына жабык типтеги волейбол аянтын куруу боюнча үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордун жалпы 4157327 сомдон (төрт миллион жүз элүү жети миң үч жүз жыйырма жети) долбоордо көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы 291013 сом (эки жүз токсон бир миң жүз он үч) акча каражатын Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине киргизүү боюнча сунушуна макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |