КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги
24-сессиясы
2025-жылдын 13-январы №24-6
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы,
2024-жылга айылдык бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин
болжолун бекитүү жөнүндө.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга каралган айылдык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026–жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «бюджет,экономика,муниципалдык менчик айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 29284,4 миң сом өлчөмүндө долбоору жактырылып, 2024-жылга айылдык бюджеттин кирешелери жана чыгашалары № 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 25669,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 24248,9 мин сомго, кирешенин чыгашадан 1420,5 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы № 1, 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл аймагындагы бюджеттик мекеме ишканалардын жылытуу системасынын жаңылангандыгына жана жаңыдан кирген объектилерди эске алып, сатып алган көмүрдүн жалпы көлөмү 357 тоннага бекитилсин.
4. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун
негизги көрсөткүчтөрү № 4,5 тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2025-жыл 31250,5 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 11662,0 миң сом менен) жана 2026-жылга 33019,5 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 11662,0 миң сом менен) белгиленсин.
5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
6. Балдар бакчаларындагы ата-энелерден түшүүчү взностор, базар бааларынын жогорулагандыгына байланыштуу, 77,5 миң сом акча каражаты кошумча каралып бекитилсин.
7. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
9. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюуулары эскертилсин. 10. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
11. 2024-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
12. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.13. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.