Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-июлу №39
Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Садыбакасовдун, Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугу үчүн төмөндөгү атуулдарга Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
1.Амирбеков Акматали Жапарович -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты
2. Мурзакулова Гүлмира Абдимиталиповна -Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
2. Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгисин жана лентасын даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У. Садыбакасовго тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |