Загрузка документа…
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ
11.12.2025-жыл. № 48
Сопу-Коргон айылы
Сопу-Коргон айылындагы эски таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, суу кампасын жана ага тиешелүү курулмаларды (чарбалык имараттарды) жаңыдан куруу жөнүндө.
Сопу-Коргон айылындагы эски таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, суу кампасын жана ага тиешелүү курулмаларды (чарбалык имараттарды) жаңыдан куруу максатында, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 8-декабрындагы №328 сунушун карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 8-декабрындагы №328 сунушунун негизинде, Сопу-Коргон айылындагы эски таза суу түтүктөрүн алмаштырууга, 2 даана көлөмү 200 метр куб болгон суу кампасын жана ага тиешелүү курулмаларды (чарбалык имараттарды) жаңыдан курууга макулдук берилсин.
2. Таза суу түтүктөрүн алмаштырууга, суу кампасын куруу үчүн, долбоорлоо сметалык наркын аныктоо боюнча тиешелүү документтерин даярдоо жана мыйзам чегинде долбоорду жүзөгө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Тѳрага | Н.Турсуналы уулу |