Редакцияот 13.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

24-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы №24-9

 

Ак-терек айылында жайгашкан көрүстөнгө баруучу

жолду оңдоп түзөөгө макулдук берүү тууралуу

 

      Ак-терек айылынын айыл башчысынын Ак-терек айылындагы № 48-контурда жайгашкан көрүстөнгө баруучу жол жаан-чачындан, селден өтө жараксыз абалда калып кеткен, ошол жолду кеңейтип, оңдоп түзөөгө макулдук берүүнү  суранып жазган сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-терек айылында жайгашкан көрүстөнгө баруучу жолду оңдоп түзөөгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамдуулугун карап, аткарууга алуу жагы айыл башчыга тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

Төрага

 

О.С. Абдырахманов