Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-июлу №40
Чоң-Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө.
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Ош Мамлекеттик Университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке жана “Тилек Баатыр” атындагы Кара-Мык чек ара заставасынын башчысы Алайдинов Улукбек Алайдиновичке Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугу үчүн Ош Мамлекеттик Университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке жана “Тилек Баатыр” атындагы Кара-Мык чек ара заставасынын башчысы Алайдинов Улукбек Алайдиновичке Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамы берүү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2.Тийиштүү документтерин бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У. Садыбакасовго тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |